Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-берене. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 7-глава
1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды кошпогондо, фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдөн жүргүзүлөт.
2. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүүлүгүнө жараша милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынан жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынан жүргүзүлөт.
4. Фонддун сыйакысынын чектик көлөмү инвестициялык кирешенин 10 пайызынан ашпаган чектерде фонд тарабынан белгиленет.
5. Башкаруучу компания пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыга, ошондой эле пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууда жүргүзүлгөн зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
6. Ишенимдүү башкаруучуга сыйакы отчеттук жылда ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдорду инвестициялоодон алынган кирешенин көлөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө төлөнөт. Эгерде жылдын жыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген таза активдердин наркы өспөсө, көрсөтүлгөн сыйакы төлөнүшү мүмкүн эмес. 1-январдан тартып 31-декабрды кошуп алганга чейинки календарлык жыл отчеттук жыл болуп саналат.
7. Башкаруучу компаниялардын зарыл болгон чыгымдарын төлөө боюнча фонддун суммалык чыгымдары отчеттук жылдагы тиешелүү келишим боюнча башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан ашпайт, анын ичинде депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,05 пайызынан ашпайт.
8. Башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген каражаттар менен тикелей байланышкан чыгымдар, ошондой эле депозитарийдин (башкаруучу компанияларга депозитарийлик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишими болгон учурда), аудиторлордун, жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучулардын, пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарга кирет.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө типтүү келишим (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 497 токтомуна 7-тиркеме)Приложение · 18.07.2026 · № 497
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 19.08.2015 · № 590 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>