34-берене. Баалуу кагаздарга инвестицияланган пенсиялык топтомдордун каражаттарын сактоо
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарды эсепке алуу жана аларга укуктарды өткөрүп берүү депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногундагы депозитарийдик ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий боло алат.
3. Фондго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну депозитарий депозитарийге же башка жактарга таандык мүлккө укуктарды эсепке алуудан өзүнчө эсеп ачуу жолу менен обочолоп жүргүзүүгө тийиш.
5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну депозитарий милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуудан обочолоп жүргүзүүгө тийиш.
6. Депозитарий фонддун баалуу кагаздарын башка максаттар, анын ичинде насыялык жана валюталык операциялар үчүн, ошондой эле өзүнүн карыздарын жана башка милдеттенмелерин төлөө үчүн пайдалана албайт.
7. Фонд менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар алынып салынды: боюнча депозитарийлик кесипкөй кошулду: рыногундагы депозитарийдик ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий … Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-34" title="34-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>