23-берене. Фонддун ишин маалыматтык камсыз кылуу
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 5-глава
1. Фонддун иши жөнүндө таратылган же жарыяланган кандай болбосун маалыматтар фонддун толук аталышын, лицензиянын номерин жана ал берилген датаны камтууга тийиш.
2. Фонд өзүнүн жарнамасы, өзү жана пенсиялык топтолмону камсыз кылуу боюнча иши жөнүндө таратылган же жарыяланган маалыматтардын мазмуну жана формасы үчүн, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган маалыматтардын өз убагында эмес таратылганы же жарыяланганы үчүн, ошондой эле жалган маалыматтарды тараткандыгы же жарыялагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Таратуу же жарыялоо үчүн берилген маалыматтар фонддун уставына жана эрежелерине ылайык келиши керек.
4. Фонддун жарнамалык материалдары фонддун мүлкүнүн эсебинен жарыяланат.
5. Таратуу же жарыялоо үчүн берилген фонд жөнүндө кандай болбосун маалыматтарда төмөнкүлөр камтылбашы керек:
1) анык эмес, этикага жатпаган, алдын ала билинген жалган маалыматтар;
2) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоонун келечектеги натыйжалуулугу жана кирешелүүлүгү жөнүндө, анын ичинде өткөндөгү реалдуу кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарга негизденген кандайдыр бир кепилдиктерди, убадаларды берүүлөр;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын фонддун ишин жактыргандыгы жөнүндө документтик бышыктоосу жок кандайдыр бир маалыматтарга шилтемелер;
4) инвестициялардын коопсуздугуна жана көрсөтүлгөн инвестициялар менен байланышкан алына турган кирешелердин жана коромжулардын туруктуу өлчөмдөрү тууралуу кепилдикти камтыган келечектеги инвестициялар жөнүндө билдирүүлөр;
5) фонддун башкаруучулук тажрыйбасы же мүнөздөмөсү жөнүндө, ошондой эле анын мамлекеттик бийлик, башкаруу органдары менен болгон байланыштары тууралуу ашыра мактаган же бышыкталбаган билдирүүлөр;
6) фонддун ишинин өткөндөгү жетишкен натыйжалары келечекте дагы кайталанаары жөнүндө билдирүүлөр.
6. Мындай маалыматтар чындыкка дал келээрине карабастан, башка фонддордун ишиндеги кемчиликтерди көрсөтүү жолу менен салыштырма жарнамаларды пайдаланууга тыюу салынат.
7. Фонддун чындыкка дал келбеген же ушул Мыйзамдын талаптарын бузган жарнамалык материалдарын таратууга тыюу салынат.
8. Фонд, анын кызматкерлери жана фонддун өкүлү катары чыккан адамдар төмөнкүгө укуксуз:
1) фонд же анын башкаруучу компаниясы жөнүндө алдын ала билип туруп адаштырууга багытталган же жалган маалыматтарды камтыган жарнама түрүндөгү билдирүүлөрдү же жарнама мүнөзүндөгү материалдарды оозеки жана жазуу жүзүндө берүүгө;
2) аманатчыларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга фонддун келечектеги инвестициялык ишинин натыйжаларына карата билдирүүлөрдү же божомолдорду билдируүгө.
9. Жарнамалык мүнөздөгү материалдардын ушул берененин талаптарына ылайык келбегендиги белгиленген учурда фонд талаптагыдай оңдолгон материалдарды жарыялоого милдеттүү.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>