22-берене. Фонддун бухгалтердик эсеби, отчеттуулугу жана аудити
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фонд бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Бухгалтердик эсепти уюштуруу бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына ылайыктуу мазмундагы жана формалардагы отчетторду алууну камсыз кылуусу тийиш.
3. Фонд бухгалтердик эсепти жүзөгө ашырууда фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн жана милдеттүү пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн аралашуусуна жол бербөөгө милдеттүү.
4. Фонд пенсиялык топтомдордун каражаттарын жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча тиешелүү төлөөлөрдү өзүнчө, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча төлөөлөрдүн эсептерин өзүнчө жүргүзөт.
5. Фонд пенсиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткарган күндөн тартып үч жылдын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
6. Фонддун өз иши тууралуу отчет берүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
7. Пенсиялык эсептердеги пенсиялык топтомдордун каражаттарын эсепке алуу үчүн фонд дайындардын маалыматтык базасын түзүүгө тийиш.
8. Фонд милдеттүү пенсиялык камсыздандыруунун пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыздандырылган адамдын бүткүл өмүр бою, ал эми ал каза болгондон кийин - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык пенсиялык иштерди сактоонун тартибинде каралган мөөнөттүн ичинде камсыз кылат.
9. Фонддун иши жыл сайын милдеттүү аудиттен өткөрүлүүгө тийиш.
10. Фонддун каржылык отчеттуулугуна аудит аудитордук уюм тарабынан аудитордук иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Фонддун каржылык отчеттуулугун текшерүүнү жүзөгө ашыруучу аудитор фонддун, анын башкаруучу компаниясынын аффилирленген жагы, депозитарийи, уюштуруучулары жана кызмат адамы болушу мүмкүн эмес.
12. Аудитордук текшерүүнүн натыйжалары ыйгарым укуктуу органга берилет.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн арналган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу кошулду: боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн жана … эмес.
12. Аудитордук текшерүүнүн натыйжалары ыйгарым укуктуу органга алынып салынды: жана Соцфондго берилет.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>