Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Фонддун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Пенсиялык топтомдорду инвестициялоо жана жарандарды пенсиялык камсыз кылуу маселелери боюнча пенсиялык топтолмо тутумунун субъекттери жана катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө фонд өзүнүн укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат жана аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт.
2. Фонд башкаруучу компания менен ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу. Ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү жана бузуу тартиби жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аманатчыларды, катышуучуларды жана камсыздандырылган адамдарды фонддун эрежелери жана ага киргизилген бардык өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырууга;
2) аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин эсепке алууну мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсептерин жана пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн пенсиялык эсептерин жүргүзүү формасында жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебин өзүнчө жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) аманатчыларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга алардын пенсиялык эсептеринин абалы жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолу берүүгө;
4) пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык мамлекеттик эмес пенсияны же сатып алуу суммасын төлөөгө;
5) аманатчынын же катышуучунун тапшырмасы боюнча пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык сатып алуу суммасын башка фондго которууга;
6) аманатчы өзү тандап алган пенсиялык схеманын шарттарын бузганда же пенсиялык аманаттарды салууну токтоткондо пенсиялык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин пенсиялык эсепте топтолгон суммага пайыздарды чегерүүнү улантууга;
7) камсыздандырылган адам каза болгон учурда келишимдин жабылышы жана камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна каражаттын төлөнүшү же алардын Соцфондго которулушу жөнүндө Соцфондго билдирүүгө. Эгерде мураскорлор аныкталбаган учурда, анда фонд жарым жыл өткөндөн кийин пенсиялык топтомду тиешелүү маалыматтар менен Соцфондго кайтарып берет;
8) аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктарын бузуучу чечимдерди кабыл албоого;
9) биринчи пенсиялык келишимди (милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерди жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди) түзгөн датадан кечиктирбестен депозитарий менен фондго депозитарийдин кызмат көрсөтүүсүнө келишим түзүүгө;
10) террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүгө.
4. Фонддун аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо максатында үчүнчү жактардын милдеттенмелерди аткаруусу үчүн кепилдикти өзүнө алууга, пенсиялык топтомдордун каражаттарын күрөөгө берүүгө, уюштуруучулук-укуктук формасы уюштуруучулардын толук мүлктүк жоопкерчилигин талап кылган уюмдардын уюштуруучусу (уюштуруучу) катары чыгууга, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок.
5. Фонд башкаруучу компаниялар жана депозитарийлер менен келишимдердин тузүлүшү жөнүндө, өзгөрүшү тууралуу же алардын колдонулушунун токтотулушу жөнүндө, ошондой эле жыл сайын аудитордук текшерүүнү өткөрүү жөнүндө аудитор жана көрсөтүлгөн окуялар болгон датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде фонддун ишине актуардык баалоо тууралуу актуарий менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пенсиялык келишимди (милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө алынып салынды: келишимди) кошулду: келишимдерди, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерди жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди) түзгөн датадан кечиктирбестен депозитарий менен фондго депозитарийдин кызмат көрсөтүүсүнө келишим түзүүгө;
10) алынып салынды: терроризмди каржылоого кошулду: террористтик ишти финансылоого жана алынып салынды: кылмыш жолу менен алынган кошулду: кылмыштуу кирешелерди алынып салынды: "адалдоого" кошулду: легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү алынып салынды: чараларын кошулду: боюнча чараларды көрүүгө.
4. Фонддун аманатчылардын, катышуучулардын жана … келишимдер жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>