18-берене. Фонддун иш-милдеттери
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фонд өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына, фонддун уставына жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат.
2. Фонд төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
1) фонддун эрежелерин иштеп чыгат;
2) пенсиялык келишимдерди, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишимдерди, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерди, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди түзөт;
3) пенсиялык төгүмдөрдү жана пенсиялык топтом каражаттарын топтойт;
4) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсебин жүргүзөт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн пенсиялык эсебин жүргүзөт;
6) көрсөтүлгөн эсептердин абалы жөнүндө аманатчыларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга маалымдайт;
7) фонддун ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу башка уюмдар менен келишимдерди түзөт;
8) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоодо инвестициялык стратегияны аныктайт;
9) уставдык ишти камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдү түзөт жана анын түзүүчү активдерин инвестициялайт;
10) пенсиялык резервдерди түзөт, пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштырууну уюштурат жана пенсиялык резервдерди жайгаштырат;
11) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону уюштурат жана аларды инвестициялайт;
12) башкаруучу компаниялар, депозитарийлер, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча мамилелердин башка субъекттери жана катышуучулары менен келишимдерди түзөт;
13) башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) жана депозитарийлердин пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө отчетторун карайт;
14) башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) жана депозитарийлер менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча бузат;
15) ишенимдүү башкаруу келишими бузулуп (токтотулуп) жаткан башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) карамагында турган фонддун каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрөт;
16) белгиленген тартипте бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзөт;
17) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу топтомдорунун каражаттарынын өзгөчөлөнгөн эсебин жүргүзөт;
18) актуардык эсеп-кысаптарды жүзөгө ашырат;
19) катышуучуларга мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоону жүргүзөт жана төлөөнү жүзөгө ашырат;
20) пенсияны дайындоо укугу келип чыкканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга пенсиянын топтом бөлүгүн дайындоону жүргүзөт жана төлөөнү жүзөгө ашырат;
21) аманатчыларга жана (же) катышуучуларга сатып алуу суммаларын төлөөнү же сатып алуу суммаларын башка фондго которууну, камсыздандырылган адам башка фондго же Соцфондго өткөн учурда пенсиялык топтомдордун каражаттарын которууну жүзөгө ашырат;
22) камсыздандырылган адам каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мураскорлоруна төлөөнү жүзөгө ашырат;
23) камсыздандырылган адам туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда пенсиялык топтомдордун каражаттарын төлөөнү жүзөгө ашырат;
24) аманатчылардын пенсиялык төгүмдөрдү толук жана өз убагында төлөөлөрүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
25) өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте маалыматтарды берет;
26) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пенсиялык келишимдерди, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу кошулду: келишимдерди, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерди, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди түзөт;
3) пенсиялык төгүмдөрдү жана пенсиялык топтом … анын түзүүчү активдерин инвестициялайт;
10) пенсиялык резервдерди алынып салынды: түзөт;
кошулду: түзөт, пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштырууну уюштурат жана пенсиялык резервдерди жайгаштырат;
11) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону алынып салынды: уюштурат;
кошулду: уюштурат жана аларды инвестициялайт;
12) башкаруучу компаниялар, депозитарийлер, мамлекеттик эмес … уставдык ишин камсыз кылуу үчүн башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>