1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору , 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 25-2-статьянын 1-пунктунун экинчи сүйлөмү "аброй тобокелдигин" деген сөздөрдөн кийин ",терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо) схемасына банктарды тартуу тобокелдигин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 39-статьянын 1-пункту "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ","Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 42-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргызстан банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча Кыргызстан банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигине инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.".
4. 56-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Банктар террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө токтотот.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205080/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>