Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-сентябры № 108
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 27-августундагы № 2/11 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы Жалилов Т., Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 51 тескемеси менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Манапбаев И.К. өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчысы шайланган эмес. Ош областтык сотунун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 140-б буйругунун негизинде Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Холиков М.Х., Нарын областтык сотунун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 16-сентябрынады № 168-б буйругунун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Сатындиев М.Д. кызмат ордуларынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 65-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 3-октябрына саат 10.00 дайындалсын.
2. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 30-сентябрына саат 10.00 дайындалсын.
3. Лейлек, Жети-Өгүз, Ак-Талаа, Кадамжай, Ноокат, Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 108 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Баткен облусу
Лейлек району
1
Маргун
03.10.2014-ж., саат 10.00
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
2
Тамга
03.10.2014-ж., саат 10.00
Нарын облусу
Ак-Талаа району
3
Тоголок-Молдо
03.10.2014-ж., саат 10.00
Баткен облусу
Кадамжай району
4
Майдан
03.10.2014-ж., саат 10.00
Ош облусу
Ноокат району
5
Кара-Таш
30.09.2014-ж., саат 10.00
Араван району
6
Тепе-Коргон
03.10.2014-ж., саат 10.00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 124 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу…Постановление · 06.11.2014 · № 124
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 07.10.2014 · № 116
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 120 "2014-жылдын 30-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 22.10.2014 · № 120
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 20.08.2014 · № 102
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.