Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-августу № 99
2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 79 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук, 2014-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 4-июлундагы Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.
1.2. Кушчубаев Саруубек Тынычбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. 2014-жылдын 23-июлундагы Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.
2.2. Турсункулов Кутманбек Эшмаматович Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
3. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым Укуктарын аткаруучу
А. Шайымкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 "Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 04.07.2014 · № 88
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 17.06.2014 · № 79
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон