Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-июну № 79
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 70 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо тийиштүү сандагы депутаттардын катышпагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 3-июнундагы № 149-р буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Майгулаков М.Э. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлердин катышуусу менен 2014-жылдын 1-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
2.Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 4-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
3.Жумгал, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 79 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Нарын облусу Жумгал району
1.
Көк-Ой
01.07.2014-ж., саат 10-00
Чүй облусу Сокулук району
2.
Сокулук
04.07.2014-ж., саат 10-00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 16.05.2014 · № 70
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон