Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV–шайланган) V сессиясынын заседаниеси
2013-жылдын 17-июлу № V-1 Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункутуна, 43-беренесинин 3-жана 4-бөлүктөрүнө негиз Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылды 28-июнундагы №110 токтомуна, ал токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын, шаарлардын мэрлерин жана айыл ъкмът башчыларын шайлоону өткөрүү графигине” жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №424 токтому менен бекитилип, 2012-жылдын 19-ноябрындагы №142 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтомдун бир нускасы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы
А. Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 28.06.2013 · № 110
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 19.11.2012 · № 142
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон