Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген „Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө“ жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 19-ноябры № 142 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобону Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү мөөнөттөрү жана шаардын мэрине талаптар өзгөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2-пункттарды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон Кыргыз Республикасынын жараны соттолгондугу алынып салынгандыгына же жоктугуна же жоюлгандыгына же жоктугуна карабастан шаардын мэри боло албайт.".
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Шаардын мэрин шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен дайындайт.";
- 6-пунктта:
- "бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен" деген сөздөр "10 календарлык күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календарлык күн калганда шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышына чейин шаардын мэрин шайлоону дайындабайт.";
- 7-пунктта "25" цифралары "20" цифраларына алмаштырылсын;
- 29-пунктта экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал күн мурунтан түзүлөт, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилет.";
- 35-пункттун төртүнчү абзацына "эң азы же" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-июнундагы № IV-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"…Постановление · 30.06.2017 · № IV-1
- Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"Постановление · 17.07.2013 · № V-1
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 03.08.2012 · № 149
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.