Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-апрели № 62
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 25-мартындагы № 45-р буйругу менен Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Майканаев С.Б., 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56-р буйругу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов Б.С., Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 16-апрелиндеги № 67-пр буйругу менен Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчысы Мүдүнов Ж. өзүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. 2014-жылдын 15-мартында Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинин депутаттары Ак-Түз айыл өкмөт башчысы Р.К. Суранчиевге ишеним көрсөтпөө жөнүндө № 3 токтом кабыл алышкан. Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 8-апрелинде № 90-р буйругу менен Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы Суранчиев Р.К. ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 49 токтому менен дайынгалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо тийиштүү айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ак-Суу, Кемин районунун Ак-Түз, Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 14-майына тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 7-майына тиркемеге ылайык дайындалсын.
3. Москва, Нарын, Кемин, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 62 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Чүй облусу
Москва району
1.
Беш-Терек
14.05.2014-ж., саат 10-00
2.
Ак-Суу
14.05.2014-ж., саат 14-00
Кемин району
3.
Ак-Түз
14.05.2014-ж., саат 10-00
Нарын облусу
Нарын району
4.
Учкун
14.05.2014-ж., саат 10-00
Баткен облусу
Кадамжай району
5.
Майдан
7.05.2014-ж., саат 10-00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 78 "2014-жылдын 14-апрелинде, 14-майында, 4-, 11-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз…Постановление · 17.06.2014 · № 78
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майындагы № 76 "Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону жана…Постановление · 27.05.2014 · № 76
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майындагы № 75 "2014-жылдын 7, 14 жана 19 майында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 27.05.2014 · № 75
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-марты № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын…Постановление · 26.03.2014 · № 49
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон