Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-марты № 49
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 4-мартындагы № 3/28-б буйругу менен Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Эгимбаев өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2014-жылдын 18-мартындагы №131 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Б.Иманалиев Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган. Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 14-мартындагы № 1-5/84-б буйругу менен Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Л.Муратова өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 18-февралындагы № 10-б жана 2014-жылдын 5-мартындагы № 15-б буйруктары менен Интернациональный айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Аралбаев жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Джумабаев өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат орундарынан бошотулушкан. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы №38 токтому менен дайынгалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо тийиштүү айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Кара-Ой, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональный жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 14-апрелине, Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 9-апрелине тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Ысык-Көл, Кадамжай, Ысык-Ата, Кемин аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26- марты № 49 токтомуна тиркеме
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана башталыш убактысы
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
Ананьево
14.04.2014-ж., саат 10.00
Кара-Ой
14.04.2014-ж., саат 14.00
Баткен облусу
Кадамжай району
Майдан
14.04.2014-ж., саат 10.00
Чүй облусу
Ысык-Ата району
Интернациональный
14.04.2014-ж., саат 10.00
Узун-Кыр
14.04.2014-ж., саат 14.00
Кемин району
Жаңы-Алыш
9.04.2014-ж., саат 10.00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 78 "2014-жылдын 14-апрелинде, 14-майында, 4-, 11-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз…Постановление · 17.06.2014 · № 78
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 62 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 24.04.2014 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 67 "2014-жылдын 9-, 14-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 30.04.2014 · № 67
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 38 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кумбел, Чүй…Постановление · 04.03.2014 · № 38
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 18-мартындагы № 131 "Д.Б.Иманалиев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 18.03.2014 · № 131
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон