Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чоң-Таш айылдык кеӊешинин «Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө» токтому
ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чоң-Таш айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын X сессиясы
2013-жылдын 15-августу № 4 Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренөсинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында " Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" талкуулап Чоң-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:
-Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы; -Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдатангандыгы үчүн жер салыгы : -айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жана чарба жанындагы жана бак-огород жер- леринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ; -1,2,3 топогу мулк салыгы.
2. Калктуу пункттардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициент төмөндөгүдей болуп бекитилсин:
-Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар үчүн Кз-1,0 коэффициент; -Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандар үчүн ишкерлик менен алектенген ишканалар үчүн (дүкөн, пилорама, ЖАК «Сут-Булак» Кз -1.2 коэффициент: Кашар, складтарга Кз -1,0
3. Жер салыгынын, мүлк салыгынын 1.2.3-топторунун эсептелиниши жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Респубпикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын жана коэфициенти Кз-1,0 деп кабыл алынсын.
4. Акыр-чикир чыгаруу жыйыны :
-Ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин;
5. Нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жыддын 1-январынан баштан күчүне кирип айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштан колдонулууга киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Чоң-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы
А.Н. Джапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон