Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-марты № 40
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 27 токтому менен Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына дайындалган, бирок Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы №16 токтому менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 12-февралына дайындалган, бирок Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, ошондой эле «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо 2013-жылдын 10-апрелине дайындалсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 30.01.2013 · № 16
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын –…Постановление · 01.03.2013 · № 27
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон