Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-апрели № 57 Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 40 токтому менен дайындалган. Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
2. Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2013-жылдын 10-апрелиндеги протоколдор бекитилсин.
3. Талапкер Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович Чет-Нура айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.
Шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 27.03.2013 · № 40
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98