Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 7- жана 20-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-марты № 50
2014-жылдын 7-жана 20-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 29 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Садыр аке жана 2014-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 38 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кумбел, Тоң районунун Каджи-Сай, Чүй облусундагы Кемин районунун Боролдой айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Ысык-Көл, Тоң, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 7- жана 20-мартында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин жана 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 50 токтомунун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району
Садыр аке
Орозакунов Канатбек Турсунович
7.03.2014-ж.
2.
Кумбел
Артыкбаев МукашТабалдиевич
20.03.2014-ж.
Тоң району
3.
Каджи-Сай
Кутуев Памир Абыкаевич
20.03.2014-ж.
Чүй облусу Кемин району
4.
Боролдой
Тулебаев Калысбек Канатбекович
20.03.2014-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 29 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын…Постановление · 18.02.2014 · № 29
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 38 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кумбел, Чүй…Постановление · 04.03.2014 · № 38
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 40 "Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун…Постановление · 04.03.2014 · № 40
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон