Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 40
Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 48-беренесине ылайык келбеген талапкерди каттаган жана ошол талапкер шайлоонун жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2014-жылдын 19-февралындагы протокол жокко чыгарылсын.
2. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 20-мартына дайындалсын.
3. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 59 " 2014-жылдын 20-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 08.04.2014 · № 59
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-марты № 50 "2014-жылдын 7- жана 20-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 26.03.2014 · № 50
- Эл депутаттарынын Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХIII сессиясынын 2014-жылы 20-мартындагы №2 "Эл депутаттарынын Дара айылдык Кенешинин 2014-жылдын…Постановление · 20.03.2014 · № 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон