18-берене. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негизи жана тартиби
Күчүндө · 26.05.2014 редакциясы
1. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу брондон чыгаруу тартибинде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат;
1) алардын сатылышына жана эсептен чыгарылышына байланыштуу;
2) алардын жаңыланышына жана алмаштырылышына байланыштуу;
3) карызга алып туруу тартибинде.
2. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу тартибинде чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан он эки айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өз убагында жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте аларды сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде аларды биринчи кезекте бюджеттик уюмдарга бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Мамлекеттик материалдык резервдин запастарын жаңылоо кайра иштетүүгө дуушар болгон материалдык баалуулуктарды кийин мамлекеттик материалдык резервге салуу менен материалдык баалуулуктарды кайра иштетүү формасында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу, алмаштыруу жана жаңылоо тартибинде берүүдө алуучу (заемчу) материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге кайтарып берүү боюнча кепилдик милдеттенмени же күрөөлүк жактан камсыз кылат.
6. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алынган үчүн акы белгиленет. Бул акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик материалдык резервден карызга алынган материалдык баалуулуктардын наркына жараша аныкталат.
7. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кийинкиге калтырылгыс жумуштарды камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалулуктарды чыгаруу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-милдеттер жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабынын негизинде берилген Кыргыз Республикасынын тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик материалдык резервдин өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылган материалдык баалуулуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттик каражаттардын эсебинен кайтарылууга жатат.
9. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана өлчөмдө акты алынат.
10. Мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн жана мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана согуш маалында калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 214-т (Кыргыз Республикасынын калкына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 02.05.2023 · № 214-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 525-т (Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө жана…Распоряжение · 03.10.2022 · № 525-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-февралындагы, № 66-т (2023-жылдын 13-январында аномалдуу сууктан жабыр тарткан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу…Распоряжение · 21.02.2023 · № 66-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы №109-б "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз…Распоряжение · 27.03.2020 · № 109-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 707-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам бөлүп берүү тууралуу)…Распоряжение · 30.12.2022 · № 707-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 489-т (Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу сактоочу ишканаларында сакталып турган…Распоряжение · 29.06.2026 · № 489-т
- Постановление Правительства КР от 25 мая 2015 года № 319 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2015/2016 года"Постановление · 25.05.2015 · № 319 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204001/st-18" title="18-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>