16-статья. Салык консультанттарынын негизги милдеттери
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 января 2012 года № 5
1. Салык консультанттарынын негизги милдеттери өзүнүн мүчөлөрүнүн кесиптик, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, салык консультанттарынын өздөрүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна контролдук жүргүзүү, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында өзүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын өкүлү катары чыгуу болуп саналат.
2. Салык консультанттарынын палатасы төмөндөгүлөргө:
1) Палатанын мүчөлөрүнө кесиптик милдеттер боюнча консультация жана маалымат берүүгө;
2) салык консультанттарынын ортосундагы, салык консультанттары менен кардарлардын (ишеним көрсөтүүчүлөрдүн) ортосундагы, салык консультанттары менен үчүнчү жактардын ортосундагы кесиптик милдеттерди аткаруу маселелери боюнча талаш-тартыштарды тараптардын кат жүзүндөгү арыздары болгон учурда чечүүгө;
3) кесиптик милдеттерин аткарууда салык консультантына карата даттанууларды жана арыздарды кароого;
4) салык консультанттарынын өздөрүнүн милдеттерин кесиптик жактан талаптагыдай аткаруусуна контролдук жүргүзүүнү, аларды жоопкерчиликке тартууну, анын ичинде квалификациялык сертификаттын күчүн токтотууну же токтото турууну жүзөгө ашырууга;
5) соттун, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө;
6) салык консультанттарынын кесипкөй уюмунун аттестациялык комиссиясына катышуусу үчүн талапкерлерди көрсөтүүгө;
7) салык консультанттарынын жардамчыларын даярдоо, салык консультанттарын даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, окуу жана усулдук окуу куралдарын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштурууга, уставда белгиленген башка милдеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 148, 2012-жылдын 28-январындагы № 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204/st-16" title="16-статья - Салык консультанттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>