15-статья. Кыргыз Республикасынын Салык консультанттарынын палатасы
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · IV бөлүм
1. Салык консультанттарынын палатасы салык консультанттарынын ага мүчөлүгүнүн жолу менен түзүлүүчү кесиптик бирикме болуп саналат, ушул Мыйзам тарабынан ага салык консультанттарынын кесиптик ишин контролдоо жана кесиптик милдеттерин бузгандыгы үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу милдеттери жүктөлөт.
2. Салык консультанттарынын палатасы салык консультанттарынын ишин координациялоо, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, салык консультанттары болууну каалаган адамдарды кесиптик жактан даярдоону жана окутууну уюштуруу, салык консультанттарынын квалификациясын жогорулатуу, салык консультанттарынын Бирдиктүү кесиптик реестрин жүргүзүү, окуу, усулдук окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу, Салык консультантынын этикасынын кодексин бекитүү максатында түзүлөт.
3. Салык консультанттарынын палатасынын мүчөлөрү өздөрүнүн кесиптик ишин жүргүзүүдө өз алдынчалыгын сактап калышат.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204/st-15" title="15-статья - Салык консультанттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>