Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Мекендештерди экономикалык жана социалдык жактан колдоо
Күчүндө · 13.03.2023 редакциясы
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын чарбакер субъектилерин мекендештердин чарбакер субъектилери менен кызматташуусун стимулдаштырууга, биргелешкен ишканаларды, жамааттарды жана коомдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялоого мекендештердин катышуусуна көмөктөшүүгө, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын көпчүлүгүндө мекендештер иштеген чет өлкөлүк ишканалар менен байланышын кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алардын ортосундагы өз ара пайдалуу кооперацияны өнүктүрүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештердин социалдык жактан корголбой калган категорияларына социалдык жактан колдоо көрсөтө алат.
3. Өзгөчө кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген шарттарда жана тартипте берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 13 марта 2023 года № 56 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах государственной политики по поддержке соотечественников за рубежом""Редакцияларды салыштыруу
13.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабылган мекендештерге гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгиленген шарттарда жана тартипте берилиши мүмкүн.
кошулду: (КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203992/st-10" title="10-берене - Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>