Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 13-марты № 56 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 969-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) чет өлкөлөрдөгү мекендештер (мындан ары - мекендештер) - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) диаспора - Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган, жашап жаткан өлкөдө ынтымактуу жана туруктуу этностук топту түзгөн элдин бөлүгү (этностук жалпылык);
3) жарандык таандыктыгы - Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттин букарасы же жараны болуу.";
2) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Мекендештерди колдоого карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптери жана максаттары
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана укуктук, дипломатиялык, социалдык, экономикалык, маалыматтык, билим берүүчү, уюштуруучулук жана ушул Мыйзамда белгиленген принциптерди жана максаттарды турмушка ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары ишке ашыруучу башка чаралардын жыйындысын билдирет.
2. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкү кепилдиктерди таанууга негизделет:
1) адамдын жана жарандын төрөлгөндөн берки негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгын жана ар бирине таандыктыгын камсыз кылуу;
2) мекендештердин жарандык, саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерине ылайык алардын жашап жаткан мамлекеттеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
3) мекендештердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү.
3. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты болуп эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештерге мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү саналат, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде төмөндөгү укуктарды ишке ашырууда жана камсыз кылууда чет мамлекеттердин мыйзамдарын эсепке алуу менен:
1) өздөрүнүн кайталангыс өз алдынчалыгын эркин билдирүү, сактоо жана өнүктүрүү, руханий жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана өнүктүрүү;
2) мекендештердин ортосундагы ар тараптуу байланышты жана Кыргыз Республикасы менен байланышты орнотуу жана эркин колдоо, Кыргыз Республикасынан маалыматты алып туруу;
3) коммерциялык эмес улуттук-маданий уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү жана алардын ишине катышуу;
4) улуттук жана эл аралык деңгээлде коммерциялык эмес уюмдардын ишине катышуу;
5) жашап жаткан мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө катышуу;
6) жашай турган жерин эркин тандоо же Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугун ишке ашыруу.";
3) 6-беренеде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана тышкы саясат жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 13-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 14-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 1-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөЗакон · 03.08.2013 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы № 832-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 11.01.2023 · № 832-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 907-VII "2023-жылдын 1-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 01.02.2023 · № 907-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 624-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 16.11.2022 · № 624-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 910-VII «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 01.02.2023 · № 910-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631-VII "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 16.11.2022 · № 631-VII
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 11-январындагы № 842-VII «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 11.01.2023 · № 842-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-марты № 109-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 11.03.2022 · № 109-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөЗакон · 03.08.2013 · № 183
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021