Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 377-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 378-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн алты" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын: "Алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында адам ок атуучу курал алып жүрсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, ага тете кызмат адамы тарабынан жасалса, - эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок ок атуучу курал сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга келет. Эскертүү: Алкоголдук, баңги каражаттары, психотроптук же болбосо башка акылдан ажыратуучу заттарга мас болуу абалын белгилөө үчүн күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. 379-статьянын экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 380-статьянын экинчи абзацында "эки" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 381-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 382-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203980/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>