9-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 2-глава
Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттин, автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу жана кызматтарды көрсөтүүчү автомобиль транспортунун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматтарынан пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын автомобилдик ташууларга жана транспорттук кызматтарга муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
3) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
4) эл аралык автомобилдик ташуулар рыногунда ата мекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
5) автомобиль транспортундагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун социалдык багытталгандыгы, коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, автотранспорт кызматтарынын ички рыногун коргоо;
6) автотранспорт кызматтарынын рыногунда тең атаандаштык шарттарды белгилөө жана алардын аткарылышын камсыз кылуу;
7) автотранспорт ишинин чөйрөсүндө тейлөөнүн жогорку деңгээлине жетишүү жана аны камсыз кылуу;
8) автомобиль ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү;
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортуна тарифтик саясатты түзүү.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
4) эл аралык автомобилдик … пайдалануудагы автомобиль транспортуна тарифтик саясатты түзүү.
кошулду: (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-9" title="9-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>