45-берене. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражаттарынын каттоо жана айырмалоо белгилери
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 5-глава
Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучулар өз мамлекетинин каттоо жана айырмалоо белгилери бар транспорт каражаттарын гана пайдаланууга тийиш. Мында чиркегичтердин же жарым чиркегичтердин башка мамлекеттин каттоо жана айырмалоо белгилери болушу мүмкүн. Башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген автотранспорт каражаттарынын каттоо жана айырмалоо белгилери тамгаларды латын тамгалары менен жазылган эл аралык үлгүлөргө ылайык келүүгө тийиш, ылайык келбеген учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы убактылуу номер белгисине алмаштырылууга тийиш.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-45" title="45-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>