44-берене. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163
1. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, кыргыз уруксаттарына жана көп тараптуу уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Чет өлкөлүк ташуучуларга кыргыз уруксаттарын, ошондой эле кыргыз ташуучуларына мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Эл аралык келишимдерде өз ара шарттарда эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн.
4. Эл аралык автомобиль катнашуусу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган уруксаттар жана башка документтер автотранспорт каражаттарынын айдоочуларында болууга жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жол берилбейт.
6. Чет өлкөлүк ташуучуга таандык болгон транспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына, же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык автомобиль ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
алынып салынды: Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
3. Эл аралык келишимдерде өз ара шарттарда эл аралык автомобилдик … болууга жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кошулду: органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз … башкача каралбаса, уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-44" title="44-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>