3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 августа 2020 года № 122
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: автомобиль транспорту - жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу транспорттун түрү, ошондой эле ишинин негизги чөйрөсү автомобиль каражаттарын жана инфратүзүмдү пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу болуп саналган экономика тармагы; жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана келишимдин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу автомобиль транспорту; автомобиль транспорт каражаты (мындан ары - автотранспорт каражаты) - автобустарды, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автомобиль чиркегичтерин, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтерин, ошондой эле адистештирилген автомобилдерди (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдерди (ар кыл, көпчүлүгүндө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган) кошуп алганда автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги; автомобилдик ташуу - келишимдердин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн автомобиль транспорту менен ташуу; өздүк муктаждыктар үчүн автомобилдик ташуу - юридикалык жактын же жеке ишкердин ишинин негизги түрлөрүнө карата көмөкчү мүнөздө болгон жана алар тарабынан өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон же башка мыйзамдуу негиздердеги жүктөрдү ташуу, ошондой эле транспорт каражаттарын ал юридикалык жактын же жеке ишкердин кызматкерлери же болбосо жеке ишкердин өзү башкарган шартта өз кызматкерлерин ташуу үчүн аткарылуучу автомобилдик ташуу; автомобилдик ташуучу (мындан ары - ташуучу) - менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобиль транспортуна жана автотранспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн аймакка, өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин субъекти катары катталган жана буга тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык же жеке жак; автотранспорт иши - келишимдик негизде же башка мыйзамдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу, ошондой эле автомобилдик ташууга байланышкан башка транспорттук иштер (кызматтар) боюнча уюштуруучулук жана технологиялык процесстердин жыйындысы; автобус - айдоочунун ордун кошпогондо, отуруу үчүн сегизден ашык оруну бар жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты; атайын башкаруусу бар автомобилдер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башкаруусу үчүн жабдуулары бар автомобилдер; жол жүгү - автомобиль транспорт каражаты менен жөнөтүү үчүн таңгакталган, ташуучу менен кошумча макулдашуунун негизинде жүргүнчү баруучу тарапка жүргүнчүдөн өзүнчө ташылуучу жүргүнчүнүн мүлкү же материалдык баалулуктары; билет - жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаты менен ташуу боюнча кызматты жүргүнчүнүн пайдалануу укугун ырастоочу жана ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосунда ташуу келишимин түзүүнү ырастоочу документ; шаардык ташуулар - шаардын белгиленген чек арасынын чектеринде турган белгилүү бир пункттардын ортосундагы ташуулар; жүк жөнөтүүчү - жүк жөнөтүү анын атынан жол-жоболоштурулган жеке же юридикалык жак; жүк алуучу - жүктү автомобилдик ташуу келишиминин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүк алууга ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жак; жүк ташуучу автомобиль - жүктөрдү ташуу, чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди сүйрөтүү үчүн арналган автотранспорт каражаты; жүктөр - белгиленген тартипте ташуу үчүн кабыл алынган материалдык объект; тапшырыкчы - ташуучу же экспедитор менен түзүлгөн келишимге ылайык автотранспортту пайдаланган юридикалык же жеке жак (жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу, жүргүнчү, ижарачы ж.у.с.); тапшырык-наряд - жалдоо келишиминин түрү; автомобиль транспортунун инфратүзүмү - ташуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун курулмалар комплекси (станциялык курулмалар, автомобилдер токтоочу жайлар, жүк терминалдары (логистикалык борборлор), станциялар (устаканалар), автотранспорт каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн курулмалар жана аймактар, автомобилдерге май куюу станциялары); контейнер - көлөмү бир куб метрден кем эмес, көп жолу пайдалануу үчүн жарактуу жана жүктөө, жүк түшүрүү, жүктү ортодо которуштурбастан бир транспорт каражатынан башка транспорт каражатына жүктөө үчүн ыңгайлаштырылган жабдуу; ири габариттүү жүк - транспорт каражатынын габариттерин эске алуу менен автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген габариттерден ашпаган жүк; жеңил автомобиль - жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн автомобилдик ташуу үчүн арналган жана айдоочунун ордун албаганда сегизден ашпаган оруну бар автотранспорт каражаты; каттам - белгилүү бир пункттардын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттарынын баруучу жолу; каттам таксиси - белгиленген каттам боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган өзгөчө чакан класстагы автобус; шаарлар арасында автомобилдик ташуулар - шаар же башка калктуу пункттар ортосунда 60 километрге жетпеген аралыкка автотранспорт каражаты менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар; эл аралык автомобилдик ташуулар - автотранспорт каражаты менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары же Кыргыз Республикасынын аймагына ташуулар, ошондой эле транспорттук каражат менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуулар; жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык транспорт - муниципалитеттин менчигинде турган жана жүргүнчүлөр менен жол жүгүн ташууга арналган жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты; мультимодалдык ташуулар - транспорттун бир нече түрү менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар; жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесил ташуулар - белгилүү пункттардын ортосунда автобустарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу бир жолку (үзүл-кесил) мүнөздөгү ташуулар; бөлүнгүс жүктөр - автомобиль жолдору боюнча ташууда өзгөчө сарптоолорсуз же анын бузулуп калуу тобокелдигисиз эки же андан ашык бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн болбогон жүк; каттам номери - транспорт жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын реестрине киргизилген автобус каттамынын катар номери; кооптуу жүктөр - өздөрүнө тиешелүү касиеттерге жана өзгөчөлүктөргө байланыштуу ташууда, жүктөө-жүк түшүрүү жумуштарын жүргүзүүдө жана сактоодо жарылуунун, өрттүн же техникалык каражаттардын, түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын бузулуусунун, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнүн, жаракат алышынын же ооруп калышынын себеби болушу, айлана-чөйрөгө жана экологиялык тең салмактуулукка зыян келтириши мүмкүн болгон жүктөр; жүргүнчү - жол жүрүү документи (билети) бар жана жол жүрүү документинин (билетинин) же болбосо башка мыйзамдуу негиздердин негизинде автотранспорт каражатында ташылуучу жеке жак; шаар четиндеги автомобилдик ташуулар - шаарлардын жана башка калктуу конуштардын ортосунда 60 километрге чейинки аралыкта жүзөгө ашырылуучу ташуулар; үчүнчү өлкөдөн (өлкөлөрдөн) ташуулар - бир мамлекеттин авто ташуучулары тарабынан башка мамлекеттин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана кайра жүзөгө ашырылуучу ташуулар; жол барагы - транспорт каражатынын, айдоочунун ишин эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн кызмат кылган документ; чиркегич - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында - жеңил автомашина, жүк ташуучу автомобиль, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен жүрүү үчүн арналган транспорт каражаты; жарым чиркегич - таянгыч-чиркегич түзүлүштүн жардамы менен илмеги бар сүйрөгүч сүйрөөчү жана ага өз салмагынын бир бөлүгүн берүүчү бир-же эки октуу (кээде үч октуу) унаа; уруксат - транзиттик өтүүнү кошуп алганда, чет өлкөлүк мамлекеттин аймагы боюнча автотранспорт каражатынын өтүүсүнө укук берүүчү документ; жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз ташуу - мурдатан макулдашылган баруу каттамы боюнча алардын кыймылынын, ташуунун баштапкы, акыркы жана арадагы пункттарын, жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу үчүн токтоочу пункттарды көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган, автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ташуулар; кол жүгү - автобустун, таксинин салонунда ташууга карата өз касиеттери, габариттик өлчөмдөрү жана массасы боюнча тыюу салынбаган жана жүргүнчүнүн жеке жоопкерчилиги астында ташылуучу жүргүнчүнүн буюмдары жана башка мүлкү; атайын уруксат - ири габариттүү, оор салмактуу же кооптуу жүк менен айкын транспорт каражатынын өтүүсүнө бир жолку уруксат; каттам схемасы - кырсыктуу-кооптуу участокторду, жасалма курулмаларды, бир деңгээлдеги кооптуу кесилиштерди, арадагы диспетчердик пункттарды жана каттамдын номерин көрсөтүү, айдоочулар эс алуучу жерлерди көрсөтүү менен автобус каттамынын графикалык сүрөтү. Шаардык каттамдарда - баштапкы, аралык жана акыркы аялдамаларын көрсөтүү менен; станциялык курулмалар - жүргүнчүлөрдү жана ташуучуларды тейлөө үчүн арналган автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар; такси (жеңил) - жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн автомобилдик ташууга арналган, таксометр менен жабдылган, тиешелүү айырмалуу белгилери бар жеңил автомобиль; терминал - жүктөрдү ташуу менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн арналган өндүрүштүк-технолгиялык комплекс; товардык-транспорттук коштомо кагаз - жүктү ташуу келишиминин түзүлүшүн ырастаган ташуу документи; транзиттик ташуулар - автотранспорт каражатын каттаган мамлекет болуп саналбаган өлкөнүн аймагы боюнча автотранспорт каражаты тарабынан экөө тең башка өлкөдө же башка өлкөлөрдө жайгашкан эки пунктун ортосунда аткарылуучу ташуулар; оор салмактуу жүктөр - транспорттук каражатка жүктөлгөндө кыймылдуу курамдын уруксат берилген эң чоң массасы жана ченемдик документтерде аныкталган октук жүк боюнча параметрлердин жок дегенде биринен ашып кетүүгө алып келген жүк; фрахт - жүктү ташыгандык жана транспортту пайдалангандык үчүн төлөнүүчү ташуу акысы; фрахттоочу - фрахтоо келишими боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн бир же бир нече рейстерге берилүүчү бир же бир нече транспорт каражатынын бүткүл сыйымдуулугун же анын бир бөлүгүн пайдалануунун наркына акы төлөөгө милдеттенме алган жеке же юридикалык жак; фрахка берүүчү - фрахтоо келишими боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн бир же бир нече рейстерге берилүүчү бир же бир нече транспорт каражатынын бүткүл сыйымдуулугун же анын бир бөлүгүн фрахтоочуга берүүгө милдеттенмени өзүнө алган юридикалык жак, жеке ишкер; экспедитор - ташуучунун транспорттук-экспедитордук тейлөөнү уюштуруучу агенти; электр транспорту (троллейбус) - электр туташуусу бар, электр тогунун кубатын тышкы булактан алган транспорт каражаты (демейде жүргүнчүлөрдү ташуучу); электромобиль - ички күйүүчү кыймылдаткычысыз, электр энергиянын булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор жана д.у.с.) көз карандысыз кубат алуу менен бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келтирилүүчү автомобиль. (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-3" title="3-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>