1-берене
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 10-берененин 15-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.".
2. 11-берененин 4-бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- коммерциялык эмес уюмду түзүүнү уюштуруучулардын тизмесин же фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен демилгечи-жарандардын (турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери үчүн) тизмесин. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары же демилгечилери болуп жеке жактар чыккан учурда, уюштуруучулардын тизмесинде же демилгечи-жарандардын тизмесинде уюштуруучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар же демилгечилер кол коет, мында алардын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек.".
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203950/st-1" title="1-берене - "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>