16-берене. ЧУИ жиберүү
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июня 2026 года № 77
1. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин ЧУИ жиберүү дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин дараметин натыйжалуу пайдалануу, алардын кызматтык жана кесипкөй өсүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, дипломатиялык карьера жана дипломатиялык кызматта кадрларды бекитүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максаттарында каралат.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кесипкөй квалификациясын, даярдыгын, адистигин жана чет тилди билүүсүн эске алуу менен, ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кызматка дайындалуу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен ЧУИ жиберилет.
Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын/сунушунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими боюнча кесиптик квалификациясы, даярдык деңгээли, адистешүүсү бар болгон жана чет тилдерди билген шартта ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде кызмат ордуна дайындоо менен ЧУИге иш сапарга жөнөтүлөт.
3. ЧУИ жиберилгенге чейин дипломатиялык кызматтын кызматкери (ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштердин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчыларды кошпогондо) же Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкери ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда жана/же Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жыйындысында 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштөөгө тийиш.
4. ЧУИ ортосундагы мезгилде дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин (ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштердин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчыларды кошпогондо) жана Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө үзгүлтүксүз иштеген мөөнөтү жыйындысында 2 жылдан кем эмес болууга тийиш.
5. Дипломатиялык кызматтын, анын ичинде Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ЧУИ жиберилген кызматкерлеринин ЧУИ мөөнөтү - 3 жыл.
Көрсөтүлгөн мөөнөт кызматтык зарылчылык боюнча аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасы жана дипломатиялык кызматтын кызматкеринин макулдугу менен, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан узартылышы, бирок бир жылдан ашык эмеске узартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдары кызмат ордуна 3 жылга чейинки мөөнөткө, көрсөтүлгөн мөөнөттү бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен дайындалышат.
6. ЧУИ мөөнөтүнө дипломатиялык кызматтын кызматкеринин, анын ичинде Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш сапарга жиберилген кызматкеринин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде, болгон мамлекетине жана ээлеген кызмат ордуна карабастан ЧУИ болгон датадан тартып жалпы үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү кошулат.
Жогоруда аталган кызматкерлердин тиешелүү чет өлкөлүк мекемеге келген датасы ЧУИде болуунун башталган датасы болуп эсептелет.
7. Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин жүйөлүү себептерсиз ЧУИ баруудан баш тартуусу тартиптик жорук болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун кошпогондо, тартиптик жаза берүү үчүн негиз болуп саналат.
Ушул берененин жоболору 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын кошпогондо, Президент тарабынан дайындалган дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жайылтылбайт.
8. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө тиешелүү кызмат ордуна дайындалган дипломатиялык кызматтын кызматкери ЧУИ жиберилгенге чейин, ошондой эле ЧУИ ортосундагы мезгилдерде ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бир жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштөөгө тийиш.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>