15-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин жылдыруу, которуу
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июня 2026 года № 77
1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумундагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жылдыруу, которуу ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актысында белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын кызмат орду бош болгон учурда же эгерде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысы белгилүү бир жагдайлардан улам өзүнүн функцияларын аткара албаганда, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучуну анын улук кызмат адамдарынын ичинен дайындайт.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген мезгилинде дипломатиялык кызматтын кызматкери кызмат ордунан бир жолудан көп эмес жана бир позициядан жогору эмес жогорулашы мүмкүн.
3. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (Абзац КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Президент тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине ушул берененин жоболору жайылтылбайт. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
01.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Президент алынып салынды: жана Премьер-министр тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине ушул берененин жоболору жайылтылбайт.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 125 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>