14-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырууну токтотуунун жана токтото туруунун негиздери жана тартиби
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын же келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;
2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам, башка ченемдик укуктук акт белгиленген тартипте күчүн жоготту деп таанылганда;
3) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же болбосо мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
3. Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну берген мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча токтотуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
1) эгерде түзүлгөн шарттарда бул ыйгарым укуктар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кыйла натыйжалуу аткарылышы мүмкүн болгондо;
2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдын талаптары дайыма бузулган жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбаган учурларда;
3) эгерде мындай бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалданткан шарттарды түзсө, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык, каржылык жана башка каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз пайдаланылган учурда.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурларда, мамлекеттик орган бул тууралуу мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазуу жүзүндө кабарлайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.
5. Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну берген мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча токтотуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
1) эгерде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына байланышпаган жок себептер боюнча мүмкүн болбой калганда;
2) үч же андан көп айдын ичинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттарды берүү токтотулганда жана ушул берененин 14-бөлүгүнө ылайык, аларды андан ары аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартканда;
3) эки же андан ашык айдын ичинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттар берилбегенде.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.
7. Тараптардын бири келишимдин шарттарын бузган учурда жана эгерде мындай бузуулар талаптагыдай эмес аткарууга алып келсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалданткан шарттарды түзсө, келишимдин негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу тараптардын биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну демилгелеген тарап келишимдин негизинде башка тарапка берилген ыйгарым укуктарды аткарууну токтотулушу мүмкүн болгон датага чейин жыйырма жумушчу күндүн ичинде, же келишимде каралган башка мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.
9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу жөнүндө кабарлоо алган тарап келишимдин негизинде аны беш жумушчу күндүн ичинде же мыйзамда каралган башка мөөнөттө кароого жана кароонун натыйжалары жөнүндө башка тарапка билдирүүгө милдеттүү. Башка тарап кабарлоо менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
10. Кабарлоону кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө жооп келишимдин негизинде көрсөтүлгөн убакыттын ичинде келип түшпөгөн же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган учурда аларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген, мыйзамдын же келишимдин негизинде пайдаланылбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттар мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик органга же болбосо республикалык бюджетке же көрсөтүлгөн каражаттар алынган каржылоонун башка булагына кайтарылууга жатат.
12. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө тиешелүү мамлекеттик органга кабарлайт.
13. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо кайра жаңыртылган учурдан тартып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу кайра жаңыртылат.
14. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды берүү үч же андан ашык ай бою токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды андан ары аткаруудан баш тартууга укуктуу.
15. Ушул беренеге ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган же болбосо токтотуп турган учурда, мамлекеттик ыйгарым укуктар алар токтотулган же токтотуп турган күндөн тартып аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берген мамлекеттик органдар тарабынан аткарылууга жатат.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдардынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-14" title="14-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>