13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жүзөгө ашырууну контролдоонун тартиби
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Мамлекеттик органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана өткөрүп берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышы тууралуу зарыл маалыматтарды суратып алууга;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу маселелери боюнча усулдук иштерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жүргүзүүгө.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырат:
1) берилген ыйгарым укуктарды алар тарабынан жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
2) берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамалар;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашынан баалоо.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-13" title="13-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>