1-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 487-2 - 487-4-статьялар менен толукталсын:
"487-2-статья. Турак жайларда санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу
Турак жай имараттарында жана жайларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камсыз кылуу эрежелери белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.
Берененин тексти 28.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203929/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>