Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 8
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 22-январындагы № 9 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын
3. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” №2 тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. №2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун № 1 тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
1
Көк-Серек
Исраилов Камчыбек Абазбекович
№ 152, 15.12.2012
Ноокен району
2
Момбеков
Тороканов Данияр Байжигитович
№ 152, 15.12.2012
Нарын облусу
Ат-Башы району
3
Ак-Муз
Осмонсадык уулу Төлөбек
№ 154, 15.12.2012
Жумгал району
4
Чаек
Абдраимов Жеңишбек
№ 108, 11.06.2013
Талас облусу
Талас району
5
Калба
Ашыралиев Фархад Анаркулович
№ 156, 15.12.2012
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун № 2 тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
1
Көк-Серек
Шабданов Ботокул Мамытович
№ 5, 8.01.2014
Ноокен району
2
Момбеков
Субанов Кенжебек Каримович
№ 4, 10.12.2013
Нарын облусу
Ат-Башы району
3
Ак-Муз
Дүйшенбиев Бактыбек Жолдошалиевич
№ 4, 24.12.2013
Жумгал району
4
Чаек
Кадырбаев Тилек Шаршенбекович
№ 1, 13.01.2014
Талас облусу
Талас району
5
Калба
Мураталиев Джанболот Эсенжанович
№ 1, 11.01.2014
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июну № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу…Постановление · 11.06.2013 · № 108
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 154
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 156 "Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 156
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 22-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 22.01.2016 · № 9
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98