1-берене
Күчүндө · 15.06.2013 редакциясы
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6 жана 6-1-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруудагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- энергияны үнөмдөө жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;
- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик тутумунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн аныктоону;
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык Улуттук энергетикалык программаны ишке ашырууга контролду жүзөгө ашырууну;
- компетенциясынын чектеринде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну;
- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын бекитүүнү.
Берененин тексти 15.06.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203904/st-1" title="1-берене - "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>