1-берене
Күчүн жоготкон · 30.04.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 10-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.".
2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;"; он үчүнчү абзацтагы "курамынын" деген сөз "мүчөлөрүнүн санынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын: "3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат. 3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.".
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203898/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>