Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 33 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 6-июну № 90
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 10-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.".
2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;"; он үчүнчү абзацтагы "курамынын" деген сөз "мүчөлөрүнүн санынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын: "3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат. 3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 30.04.2022 · № 33
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 3048-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 25.04.2013 · № 3048-V
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 04.02.2022 · № 49 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 30.04.2022 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон