4-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Ушул Мыйзамдын максатын аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы - өндүрүш процессинин бардык баскычтарында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттар жана чаралар; дезинфекция - микробдорду жок кылууга багытталган иш-чаралар; дезинсекция - курт-кумурскаларды жок кылууга багытталган иш-чаралар; дератизация - кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралар; кооптуу контролдук чекит - тамак-аш азыктарынын коркунучтуулугун алдын алуу же болтурбоо же аны калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурбаган деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн маанилүү болуп саналган контролду колдонуу мүмкүн болгон баскыч; мониторинг - кооптуу түйүндөрдө контролдук чен-өлчөмдөргө пландуу түрдө мезгили менен байкоо же өлчөө жүргүзүү; коркунучтуу фактор - тамак-аш азыгындагы биологиялык, химиялык, физикалык агент; тамак-аш азыгынын адамдын ден соолугуна тескери таасир этүүгө жөндөмдүү биологиялык, химиялык, физикалык абалы; тамак-аш азыктарын өндүрүү процессиндеги гигиеналык эрежелер - санитардык иштетүүнүн, дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун, дератизациялоонун көлөмүн жана тартибин жөнгө салуучу, сунушталган санитардык-гигиеналык талаптардын жыйындысы; тамак-аш азыктарынын жарамдуулугу - тамак-аш азыгынын анын арналышына ылайык адамдын керектөөсү үчүн жарамдуулугунун кепилдиги; өндүрүштүк контроль - азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын аларды өндүрүү процессиндеги коопсуздук талаптарына ылайык продукцияларды жана өндүрүш процессин контролдоо; тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) - тамак-аш азыктарын алуу (өстүрүү, табуу), иштетүү, кайра иштетүү, өндүрүү жана таңгактоо процесстери жана коомдук тамактануу ишканаларынын кызмат көрсөтүүлөрү; санитардык-коргоо чөлкөмү (СКЧ) - адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган кандай гана болбосун өндүрүш объектисинен турак жайга, эс алуу чөлкөмүнө, курортко жана башка курулмаларга чейинки аралык (кеңдик); технологиялык документтер (технологиялык нускамалар) - чийки заттын курамын жана мүнөзүн, технологиялык тартиптерин, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө технологиялык процесстерди жана операцияларды жүргүзүү тартибин аныктоочу документтер; тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү температуралык тартип азык-түлүктүн массасындагы; азык-түлүктү убактылуу сактоого арналган муздаткыч жабдуусундагы камерадагы; тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү технологиялык процессте колдонулуучу өндүрүштүк (кампада) жайдагы температураларды жөнгө салуучу көрсөткүчтөрдүн жыйындысы; технологиялык чынжыр - чийки заттын сапаттык өзгөрүүлөрүн мүнөздөөчү, чийки заттарды, жарым фабрикаттарды керектөө азыктарына кайра иштетүү; азык-түлүктөрдү даярдоо чөйрөсүндөгү чарбалык ишке катышуучу - тамак-аш өнөр жай ишканаларында тамак-аш азыктарын өндүрүүчү юридикалык же жеке жак.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203896/st-4" title="4-берене - Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>