2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Күчүндө · 29.05.2013 редакциясы
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттенүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) уюшкан кылмыштуулуктан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо;
2) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана токтотуу;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
4) уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү;
5) уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыштуу ишин токтотуу.
Берененин тексти 29.05.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203890/st-2" title="2-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>