1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 29.05.2013 редакциясы
Криминалдык идеология - криминалдык субмаданияттын көз карашынан социалдык чындыкка баа берүүгө негизделген, адамдардын топтук аң-сезиминин көз караштарынын жана түшүнүктөрүнүн тарыхый жактан калыптанган системасы. Криминалдык иерархия - уюшкан кылмыштуу топтордогу, кылмыштуу шериктердеги (кылмыштуу уюмдардагы), куралдуу топтордогу (бандалардагы) адамдардын абалы (статусу же ролу) жөнүндө көз караштардын жана берилген баалардын системасы. Криминалдык субмаданият - коомдо жашап турган салыштырмалуу түрдөгү өз алдынча жашыруун маданий чөйрө, ал жашоо-турмушта жалпы кабыл алынган баалуулуктарга жана нормаларга каршы турууга негизделет жана жашоо-турмушту уюштуруунун кылмыштуу формаларынан көрүнөт. Криминалдык статус - кылмышкерлер дүйнөсүндөгү белгиленген эрежелер менен аныкталган жана таанылган криминалдык иерархиядагы адамдын абалы. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктердин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) лидери - ушул мыйзамда криминалдык иерархияда таанылган аброюн колдонуп, уюшулган кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктердин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтордун (бандалардын) ишин уюштуруп жана координациялап, ушундай топторду же шериктиктерди куроону жана түзүмдөрдү уюштурууну камсыз кылуу менен кыйла жогорку абалды жана инсандык таасирди ээлеген адам түшүнүлөт. Ыкчам-алдын алып каттоо - уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет көрүүчү органда түзүлүүчү, уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тууралуу, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар юридикалык жактар жана жеке адамдар жөнүндө маалымат системасы. Уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган белгилер менен мүнөздөлгөн уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жасалуучу иштер. Расмий эскертүү - ченемдик укуктук актыларды сактоо жана талаптарды аткаруу үчүн адамга карата уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет көрүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан түзүлгөн процесстик документ. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын төмөнкү иштери:
1) уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жасалган кылмыштарды табуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча;
2) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, табуу жана уюшкан кылмыштуулуктун пайда болушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды андан ары четтетүү (уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу) боюнча.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы алдын алуучу таасир этүү чаралары (мындан ары - алдын алуучу таасир этүү чаралары) - ушул Мыйзамда уюшкан кылмыштуулуктун пайда болушунун алдын-алуу жана бөгөт коюу, алардын өнүгүшүнө мүмкүндүк берген себептерди жана шарттарды иликтөө, табуу жана четтетүү, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар адамга жекече тарбия берүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши түшүнүлөт. Жашоонун кылмыштуу образы - адамдардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар экендигин тике далилдеген, коомдо кабыл алынган моралдын жана адептүүлүктүн нормаларын тануу менен мүнөздөлгөн алардын коомго каршы жашоо мүнөзү. Финансылык жана мүлктүк абалды текшерүү - уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын финансылык кирешелеринин мыйзамдуулугун жана алардын мүлккө ээ болуусунун негиздүүлүгүн текшерүү боюнча чаралар. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) мүчөсү - уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) ишине атайлап катышкан же аларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөн адам.
Берененин тексти 29.05.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203890/st-1" title="1-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>