Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 24.05.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн долбоорлонушун контролдоо
Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбоорлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.".
2. 16-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 24.05.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндөЗакон · 21.12.1991 · № 689-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203887/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>