35-3-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандык үчүн
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансы уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
2. Керектөөчүлөрдүн ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата ушул Мыйзамда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу.".
24. 37-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-статья. Микрофинансы уюмунун аудити
1. Микрофинансы уюму эсептердин аныктыгын текшерүү, ошондой эле өзүнүн ички контролдоо тутумунун төп келгендигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (микрокредиттик агенттик) түзүшү мүмкүн.
2. Микрофинансы компаниясы көз карандысыз аудиторлордун күчү менен ар жылдык көз карандысыз аудит жүргүзүшү керек. Микрофинансы компаниясы жетекчиликке катты жана финансылык отчетторду кошуп алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын өзгөртүүсүз, жыл сайын микрофинансы уюмунун тышкы аудитору тарабынан отчет берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки 30-апрелден кечиктирбестен Улуттук банкка берип турууга милдеттүү.
3. Микрокредиттик агенттик өз ишине тышкы аудитти жүргүзө алат. Микрокредиттик компания өз ишине тышкы аудитти жүргүзүүгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш.
4. Улуттук банк ар жылдык көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды чыгарат.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203867/st-35-3" title="35-3-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>