2-берене
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык көрсөтүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максаттарында кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм."; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.".
2. 4-статьяда:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын реестрин жүргүзөт. Лицензиясы бар кредиттик союздар жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Кредиттик союз кредиттик союздун уставында аныкталган аймакта иштейт."; 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кредиттик союз бул операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:
1) кредиттик союздардын катышуучуларынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада салымдарды (депозиттерди) тартууну;
2) кардарларга кредиттик союзда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашырууну;
3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм менен келишим боюнча кредиттик союзда эсеп ачпастан эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну;
4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууну;
5) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди чет өлкөлүк валютада берүү.
5. Кредиттик союз ушул статьяда каралган финансылык кызматтарды (операцияларды) гана көрсөтүүгө, ошондой эле финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6. Депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар гана ушул статьянын 4-пунктунун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.".
3. 4-1-статьянын 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кредиттик союздун мүчөлөрү болуп саналбаган жактарга ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 4-пунктунун 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары финансылык кызматтарды көрсөтүүгө;".
4. 8-статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кредиттик союз ишин жүзөгө ашыра турган аймакты аныктоо;".
5. 15-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген жеке жактар - кредиттик союздун катышуучулары жалпы чогулуштарда өзү добуш бериши же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ишеним катты ага берүү менен добуш берүүчү өкүлүн дайындашы мүмкүн. Ишенимдүү адам кредиттик союзду башкаруунун кандайдыр бир органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын же башка комитеттин) мүчөсү болууга тийиш эмес.".
6. 16-статьянын 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кредиттик союздун башкарма мүчөлөрү өздөрүнүн биринчи жыйналышында төраганы шайлоого, бухгалтерди жана катчыны дайындоого тийиш.".
7. 30-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы бар союздардын ишин көзөмөлдөөнү алардын берген отчеттору жана маалыматтары боюнча кредиттик союздардын ишин иликтөө жана талдоо, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырат.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203867/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>