1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол тамгасы "Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, электрондук санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана электрондук санариптик кол тамгасы болуп саналат.".
2. 86-беренеде:
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын: "10. Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203864/st-1" title="1-берене - Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>