6-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар ыйгарылат.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары өзгөчө абалдын укуктук режимин жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуну камсыз кылуу үчүн тартылышы мүмкүн. Мында кызмат өтөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү эрежелер боюнча эсептелет.
4. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамдары бар кызматчылар баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта болушу мүмкүн жана төмөнкү куракка толгондугу боюнча отставкага бошотууга жатат:
- эркектер - 50 жаш;
- аялдар - 45 жаш.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамдары бар кызматчылар, алардын каалоосу боюнча төмөнкү куракта запаска бошоно алышат:
- эркектер - 45 жаш;
- аялдар - 40 жаш.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдын атайын наамы бар кызматчылар, аларга ыйгарылган атайын наамдарга жараша баңги заттарды контролдоо боюнча органда төмөнкүдөй куракка толгонго чейин кызматта боло алышат: баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенантынан баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигин кошо алганда - 50 жашка чейин; баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - 55 жашка чейин; генерал-майор жана андан жогору - 65 жашка чейин. Оң мүнөздөмөсү болгондо жана медициналык каршы көрсөткүчтөр болбогондо баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигинин атайын наамы бар, 50 жаш курагына толгон жана баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковнигинин атайын ңаамы бар 55 жаш курагына толгон кызматчыларды баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчиси кызматтын кызыкчылыктарында кийин узартуу менен белгиленген чектик курактан ашык бир жылга, бирок беш жылдан ашык эмеске жеке тартипте жана алардын макулдугу менен кызматта калтырышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>