16-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
турак жай менен камсыз кылуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматчылары үчүн болгон каражаттарынын эсебинен турак жай сатып алууга укуктуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаш курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскаргандыгы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес сиңирген эмгеги бар кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланышат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүндөгү ээлеген кызматтык турак жайлары менчикке бекер өткөрүлүп берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматынын мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган убактысына карабастан кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай бербей туруп кызматтык турак жайдан көчүрүүгө жатпайт.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>