13-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары алардын куралдануусунда турган атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонушат:
1) жеке адамдарга, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына баш ийбесе же каршылык көрсөтүшсө; кармалгандарды, камакка алынгандарды кайтарып айдап жүрүү жана кайтаруу үчүн, же болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.
2. Атайын каражаттардын тизмеги, ошондой эле аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>