11-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматчыга мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда, мыйзам бузулду деп таанылбашы мүмкүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, негизделген тобокелдик абалында жасалса.
Эгерде жасалган аракеттер түзүлгөн кырдаалдан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракеттерди жасабастан жетишүү мүмкүн болбосо жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын көрсөтүлгөн аракеттерге жол берген кызматчысы түзүлгөн жагдайда келтирилген зыянды болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрсө, зарыл коргонуу, аргасыз зарылдык же негиздүү тобокелдик акталган деп таанылат.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 845 "2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 08.12.2015 · № 845 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>